Жаңылыктар
Өкмөт башчы Садыр Жапаров Райым Матраимовдун бошотулушу боюнча комментарий берди
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы Садыр Жапаров Райым Матраимовдун бошотулушу боюнча комментарий берди

Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун кармалып, кайра бошотулушу боюнча биздин каналга комментарий берди. Ал Райым Матраимов боюнча чечимди өзү кабыл алганын билдирген. Садыр Жапаров, казынада каражат тартыш болуп турганда түрмөнү толтуруп камагандан көрө кымырып алган акчаны кайтарып алуу пайдалуу болуп турганын айткан.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын кармалышы жана кайрадан үй камагына чыгышы коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Бул окуяны ар кандай жоромолдоп, чечмелегендер да жок эмес. Бирок президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы маселенин чоо жайын биздин каналга төмөнкүчө түшүндүрдү.