Жаңылыктар
Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаев кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаев кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаев кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти. УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Көлбаевге байланыштуу маалыматтар алынган. 

Материалдар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин “Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

22-октябрда Бишкек шаарында Көлбаевдин турган жери аныкталып, тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ал УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына алынып келинген. УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларынын алкагында Камчы Көлбаевдин жана ага байланышкан адамдардын кылмыш иштери жөнүндө маалыматтарды алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.