Саманчиев Жаныш Абжалбекович 1973-жылы Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында төрөлгөн. Жергиликтүү орто мектепте билим алып, кийин Бишкек шаарына келип билимин жогорулаткан. Кыргыз телевидениесинин босогосун 1993-жылы аттап, бүгүнкү күнгө чейин ушул жерде үзүрлүү иштеди. Чыгармачыл дарамети менен айрымаланган Ж.Саманчиев «Замана» студиясында операторлор тобун жетектеп, эл эсинде кала турган ондогон көрсөтүүлөрдү даярдоого салым кошту.
Жаныш Саманчиев оператор катары өлкөнүн саясий экономикалык, маданий турмушундагы ар кыл маселелерди экранга алып чыгууда , жеткиликтүү деңгээлде чагылдырууда өзгөчө чыгармачыл изденүү менен мамиле кылган оператор катары эсибизде калды. Ал чет элдик сапарларда болуп, алган тажрыйбасын КТРК операторлор жамаатына жайылтууда да эмгеги чоң болгон.
Бул эмгектери мамлекет тарабынан бааланып, бир катар сыйлык-наамдардын ээси болду. Атап өтсөк: КР Жогорку Кеңешинин “Ардак грамотасы “, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси, “Кыргыз телевидениесинин мыктысы” наамы, Бишкек шаардык мэриясынын, Бишкек шаардык кеңешинин ардак грамоталары менен сыйланган. Жаныш Саманчиевдин аты КТРК жамаатынын арасында адамгерчилигинин бийиктиги , жогорку кесипкөйлүгү менен сакталып калат.
КТРК эмгек жамааты терең кайгыруу менен жакындарына көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!