Кыргыз өкмөтү өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна 300 сом кошууну пландап жатат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул боюнча токтом долбоорун коомчулуктун талкуусуна чыгарды. Алар коронавируска байланыштуу кырдаалдан жана өлкөдөгү азык-түлүктүн кымбатташынан улам ушундай чараларды көрүүнү чечишкен.
Маалыматка караганда, 300 сом буга чейин "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алып жүргөндөргө кошулат. Каражат 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө берилет.
Бул мыйзам долбоору өкмөт тарабынан колдоого алынса, анда жогоруда айтылган үй-бүлөлөр алдыдагы жарым жылда, тактап айтканда, 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын апрелине чейин ай сайын 300 сомдон алышат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, пандемиядан улам жөлөк пул алуучулар дагы 67 миңден ашуун адамга көбөйөт. Учурда жалпысынан 314 миң 676 адам "үй-бүлөгө көмөк" жардамын алышат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул үчүн бюджеттен 694,2 миллион сом керектелерин белгилейт.