23-24-октябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.