Жаңылыктар
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Нариман Түлеев отставкага кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Нариман Түлеев отставкага кетти

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-мэр Нариман Түлеев отставкага кетти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Түлеевдин айтымында, ал кызматтан кетүү жөнүндөгү чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен биргеликте кабыл алган. Мэрдин милдетин биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат.