Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда экологияны коргоо максатында тынымсыз рейддик иш чаралар жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунда экологияны коргоо максатында тынымсыз рейддик иш чаралар жүрүүдө

Ысык – Көл облусунун Тоң жана Ысык – Көл райондорунда Мамэкотехинспекция тарабынан экологияны коргоо максатында тынымсыз рейддик иш чаралар жүрүүдө. Аталган иш чара Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жатат. 

Рейддин алкагында балык запастарын коргоо, броконьерликке каршы күрөшүү, айлана-чөйрөнү коргоо, жаныбарлар дүйнөсүн жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо максатында тоо коктуларында, көл жээгинде текшерүүлөр жүрүп жатат. Шектүүлөр ордунан текшерилет жана жан – жаныбарларга кол салгандар, балык запастарына зыян келтиргендер аныкталса мыйзам чегинде чаралар көрүлөөрүн Мамэкотехинспекция эскертет!