Корнавируска кабылган жана оорунун очогунда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине саламаттык сактоо министрлиги тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү.
Анда, таажы илдетине жана пневмонияга чалдыккандар үчүн жалпы суммасы 14 млн сомдук дары-дармектер менен 21 миллион сомдун медициналык коргонуучу каражаттары бар. Жардам атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде аймактагы ооруканаларга, стационарларга бөлүштүрүлүп берилет.