Жаңылыктар
Экономикалык мунапыска Райымбек Матраимов да туш келүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Экономикалык мунапыска  Райымбек Матраимов да туш келүүдө

Экономикалык мунапыска Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов да туш келүүдө. Ал тергөө менен кызматташып, мамлекетке келтирилген чыгымды ноябрь айынын соңуна чейин төлөп бере турганын убадалады. УКМКнын эсебине биринчи төлөмдү жүргүзүп, кечээ 80 миллион сом өлчөмүндө каражатты накталай төктү. 

Райымбек Матраимов коомчулуктун оозунда көптөн бери эле кеп болуп жүрөт. Акыркы учурда анын ысымы Бажы тармагындагы коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча аталды. Өткөн жылдын ноябрь айында аны УКМК суракка чакырткан. Бирок көп өтпөй коё берилген. Октябрь айында сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматанын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов тарабынан мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилгенин аныктады. Тергөөгө ылайык Бажы кызматында 2016-жылдан ушул күнгө чейин коррупциялык схема гүлдөп турган. Бул иштерге Бажы кызматынын башка дагы жооптуу кызматкерлери шектелүүдө.

УКМКнын жаңы төрагасы Камчыбек Ташиев эгер Матраимовдун күнөөсү аныкталса ал мыйзам чегинде жоопко тартылаарын билдирген. Кечээ шейшембиде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары кармалып, атайын кызматка алынып келинди.

Сурактын жүрүшүндө Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, өлкө бюджетине келтирген каражатты толугу менен ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Аны менен катар алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын депозиттик эсебине которду. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту Матримовдун баш коргоо чарасын карап, бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча козголгон өндүрүштүн алкагында шектүү Матраимовдон соттук өндүрүш аяктаганга чейин жашаган жеринен сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алынды.