Жаңылыктар
ЖК жыйыны. Бүгүнкү жыйындын күн тартибине үч маселе коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК жыйыны. Бүгүнкү жыйындын күн тартибине үч маселе коюлду

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары сессияга чогулуп, бир катар кызматтык дайындоолор жана парламенттик шайлоону өткөрүүдөгү эрежелерди аныктаган мыйзам долбоорун карашты. Ага ылайык шайлоодогу босого чек үч пайызга түшүшү мүмкүн болууда. Азырынча мыйзам биринчи окууда гана каралды. 

Бүгүнкү жыйындын күн тартибине үч маселе коюлду. Биринчиси жаңы депутаттардын ант берүүсү, экинчиси башкы прокурорду кызматтан бошотууга макулдук берүү жана үчүнчү маселе президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындоо. Сессия кворум чогулбай кеч башталды. Аны менен бирге эл өкүлдөрү күн тартибине дагы бир маселени киргизебиз деп эки саатка жакын талкуу кылышты.

Ошентип узакка созулган талаш-тартыш талкуу менен күн тартибине дагы бир маселе кошулду. Эл өкүлдөрү шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизип, босого чекти үч пайызга түшүрүп, шайлоо күрөөсүн беш миллиондон бир миллионго азайтып, форма экини жойгон мыйзам долбоорун карай турган болушту.