Кайрылуудан кийин коомчулукта саясат, экономика жаатындагы серепчилер өз ойлорун билдирип, дүйнөлүк тажрыйбада мындай ыкмалар жакшы натыйжа бергенин айтып чыгышты. Бул аралыкта ачыкка чыкпаган атка минерлерге укук коргоо органдары барып, акча же мүлктү кымырып алгандыгы далилденсе, мамлекетке өткөрүп алууга толук укуктуу дешет.
Алдыдагы 30 күндүк убакытта буга чейин мамлекеттин эсебинен байыгандар, мыйзамсыз акча жымыргандар жана өлкөнүн мүлктөрүн басып алгандар өз ыктыяры менен ачыкка чыгышы керек. Эгерде ушул учурду колдонуп капиталын мыйзамдаштырган адамдар болсо, аларга административдик жана экономикалык кечирим болуп, кылмыш иши козголуп, күнөөлөрү иликтенбейт.
Мындай ыкма дүйнөлүк практикада колдонулуп, буга чейин Монголия Казакстан өз аткаминерлери тарабынан кайтарлыган каражаттар менен, бюджеттеги тартыштык, тышкы карыз сыяктуу көйгөйлөрүн чечип алышкан. Андыктан өлкөнүн азыркы пандемиялык шарттагы абалын эске алганда экономикалык мунапыс каржылык жактан жакшы мүмкүнчүлүк дешет серепчилер.
Мунапыс аркылуу салыкты убагында төлөбөгөндөр, кирешесин жашыргандар, ар кандай компанияларга үлүшкө отургандар, ири ишканалардын акцияларын рейдерлик жол менен басып алгандар ошондой эле мыйзамсыз иштеген министрлер, мекеме ишканалардын жетекчилери жана жалпы атка минерлер өз күнөөлөрүн мойнуна алса болот.
Премьер-министр, Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ыктыярдуу түрдө түшкөн кирешелер тууралуу маалыматты сыр сактоого жана кол тийбестикке кепилдик берди. Эгерде мындай шарттан пайдаланбай дагы деле көз жаздымда калам го деген аткаминерлер болсо, алар мыйзам чегинде катуу жазаланат жана тиешелүү чаралар көрүлөт.