Жаңылыктар
Ички иштер министрлигинин өздүк курамына жаңы орун басарлар тааныштырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ички иштер министрлигинин өздүк курамына жаңы орун басарлар тааныштырылды

Ички иштер министрлигинин өздүк курамына министрдин жаңы орун басарлары Октябрь Урманбетов менен Эркебек Аширходжоев тааныштырылды. 

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, вице-премьер-министр Максат Мамытканов жана өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев жаңы орун басарларды тааныштырды. 

Аталган иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, министрликтин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Октябрь Урманбетов Ысык-Көл Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызмат ордунда 2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын январь айына чейин иштеген. Эркебек Аширходжоев ИИМдин тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысы болгон. Ички иштер министринин мурдагы орун басары, милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев бул кызмат ордунда 2015-жылдан бери иштеп келген. Эми ал ИИМдин кадрлар карамагында болот.