Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-депутат Аскар Шадиевдин коррупция, мыйзамсыз баюу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча иштери тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү.
Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, прокуратуранын ведомстволор аралык төргөө тобу менен УКМК тергөө иштерин аяктаган. Кылмыш иши Жазык кодексинин "Коррупция" жана "Кылмыштуу кирешелерди адалдоо" беренелери боюнча козголгон.