Коррупцияга тиешеси бар экени далилденген бардык аткаминерлер кымырып алган суммасын мамлекеттин эсебине кайтарат. Бул тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарына берген интервьюсында билдирди.
Анда ал коррупция, таза шайлоо өткөрүү жана мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча алдыдагы пландары менен бөлүштү. Коомчулукта кызуу талкууну жараткан Раимбек Матраимовдун үй камагына чыгарылышы менин чечимим болгон деди,-Жапаров. Анткени буга чейинки бийлик маалында да көптөгөн саясатчылар коррупцияга тиешелүү катары камалганы менен алардан мамлекеттин эсебине бир сом түшкөн эмес. Андыктан мен башка жол менен алардан жеген суммаларды өлкө бюджетине кайтарам деп кошумчалады.