Жаңылыктар
Бишкек шаардык мэриясынын алдына Нариман Түлеевге нааразы болгондор чогулду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык мэриясынын алдына Нариман Түлеевге нааразы болгондор чогулду

Бишкек шаардык мэриясынын алдына Нариман Түлеевдин борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалышына каршы чыккандар чогулду. Нааразы болгон тарап жаңы кадрларды дайындоону талап кылышууда. 

Түлеев чогулгандар менен жолугуп, Премьер-министр, Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жолуга турганын билдирди. Ал эми анын тарапташтары нааразы болгондорго кайрылып, элге тынчтык керек экендигин жана мэрдин милдетин аткара турган Түлеевге убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты.