Жаңылыктар
ИИМ: Республика боюнча бир сутка ичинде 169 кылмыш катталды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Республика боюнча бир сутка ичинде 169 кылмыш катталды

Кыргызстандын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. 

Республика боюнча 20-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 169 кылмыш, 160 жоруктар каттоого алынды. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.