Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматка суракка келди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Абылгазиев кайсы иш боюнча суракка чакырылгандыгы тууралуу маалыматы жок экендигин айтты.
Мурдагы өкмөт башчыга кечээ чакыруу кагазы жиберилген, анда күбө катары сурала турганы айтылган. Бир күн мурда Финпол Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Быйыл июль айында аталган кызмат өкмөт сатып алган «Тез жардам» унаалары боюнча иликтөө жүргүзө баштаган.
Cентябрь айында Абылгазиевди коронавирус пандемиясына байланыштуу шалаакылык үчүн жоопко тартууну сунуш кылган арыз Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендердеги алешемдик тууралуу Финансы полициясы тергеп жаткан ишке кошулганы кабарланган. Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу июнь айында кызматтан кеткен.