Жаңылыктар
Финпол: Абылгазиев менен Жумалиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Финпол: Абылгазиев менен Жумалиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы премьер-министр Кубанычбек Жумалиевге Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, эгерде Абылгазиев менен Жумалиев өлкөдөн чыгууга аракет кылса, Финансы полициясына жеткирилет. Алардын чет өлкөгө чыгышын мекеме кайсы иштин негизинде чектеп жатканы тууралуу айткан жок. Толук маалымат кийинчерээк берилээри кошумчаланды.