Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-октябрь күнү саат 05:08де  Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Соку-Таш, Фрунзе, Бостон айылдарында, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 4,5 балл, Арстанбап айылында 4 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.