Бишкек шаарынын борбордук мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев билдиргендей учурда мечиттин ички тарабы толугу менен кайрадан жаңыланууда.
Борбордук мечитти калыбына келтирүү иштери ноябрь айынын орто чендерине пландалган. Борбордук мечиттин ички тарабы толугу менен жаңыланып жатат. Себеби эскилиги жеткендиктен капиталдык оңдоого муктаж.
"Буйруса акырындык менен бардык тарабын оңдоп чыгабыз", - деди Замир кары Ракиев.
Эскерте кетсек, мечитти оңдоп-түзөө иштери жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен ушул жылдын сентябрь айында башталган.