Жаңылыктар
Аксы районунда коронавирус илдетинин алдын алуу иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Аксы районунда коронавирус илдетинин алдын алуу иштери уланууда

Аксы районунда коронавирус илдетинин алдын алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, Аксы районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Райондук штаб тарабынан кабыл алынган чечимдер жергиликтүү тургундарга жеткирилип, тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо талаптары коюлууда. Милиция кызматкерлери жарандарды жугуштуу илдеттин алдын алып, медициналык каражаттарды ар дайым жанында алып жүрүүгө чакырууда. 

Ал эми райондун ички иштер башкармалыгы жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тейлеген аймактарындагы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жалпы профилактикалык иштерди жүргүзүүдө. Мындан сырткары өздүк курам арасында коронавирустун жайылуусун болтурбоо үчүн райондун ички иштер башкармалыгынын имаратында кошумча дезинфекциялык иштер жүргүзүлдү.