Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүрдүн ордуна акча берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүрдүн ордуна акча берилди

Бишкек шаарындагы аз камсыз болгон 3 миң 469 үй-бүлөгө кышка карата жардам катары берилүүчү көмүрдүн ордуна 5700 сомдон компенсация берилди. 

Буга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 19 миллион 900 миң сом бөлүнгөн. Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрамхан Мамбетованын айтымында, бөлүнгөн каражат жарандардын электрондук карточкасы жана почта аркылуу толук берилип бүттү. Ошондой эле, 600 үй-бүлөгө “Бишкек жашылдандыруу” ишканасы тарабынан отун жеткирилип берилди. Кошумчалай кетсек, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери карылар үйүндөгү улгайгандарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жумасын эки жолу ысык-тамак уюштуруп келет.

“Бул акчалар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлугү чектелген жарандар жана башка бирөөнүн карамагындагы жардамга муктаж пенсионерлер алышты. Буга чейин ар бир үй-бүлөгө 5000сомдон берип келсек, быйыл 5700 бердик",- деди Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрамхан Мамбетова.