Жаңылыктар
Матраимов бюджетке 2 млрд сом өлчөмүндө келтирген чыгымды төлөөгө даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Матраимов бюджетке 2 млрд сом өлчөмүндө келтирген чыгымды төлөөгө даяр

Райымбек Матраимов бюджетке 2 млрд сом өлчөмүндө келтирген чыгымды төлөөгө даяр. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти. 

Бүгүн бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында УКМК тарабынан мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов кармалып, УКМК имаратына алынып келинген.Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында Матраимовдун кылмыштуу иш-аракеттеринин кесепетинен бюджетке 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган. 

Матраимовдун күнөөсүн аныктаган далилдердин негизинде, ага Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилген. Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, өлкө бюджетине келтирген, каражатты толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди. Аны менен катар алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын депозиттик эсебине которду. 

Бүгүн Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан Райымбек Матраимовдун тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөндүгүн эске алуу менен анын баш коргоо чарасы каралат. УКМК Бажы органдарындагы коррупциялык схемалардын башка катышуучуларын аныктап, мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтаруу чаралары менен бирге жоопкерчиликке тартуу багытындагы иш-аракеттерин улантат.