Эртеңден тартып SWIFT системасы жана байланыштын альтернативдүү каналдары боюнча трансчекаралык операциялар толук иштей баштайт. Өлкөгө кирген жана чыккан төлөмдөр чектөөсүз кабыл алынат. Мындай чечимди бүгүн Улуттук банк кабыл алды.
Акча которууда коопсуздук үчүн жасалган кадамдарды кайтарып келүү бир канча этапта ишке ашат. Алгач эл аралык төлөмдөр 12-октябрдан баштап кайсы бир чектөөлөр менен ишке ашып жаткан. Улуттук банк SWIFT системасы жана байланыштын альтернативдүү каналдары боюнча трансчегаралык операциялардын ишин толук кандуу иштетүү чечимин кабыл алды.