Октябрь айында коронавирус жүздөн ашык мектеп окуучусунан аныкталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда. "Сентябрь айында 33 окуучу коронавируска кабылса, октябрь айында бул көрсөткүч 3 эсеге өстү. Илдет 110 мектеп окуучусунан табылды. Эпидкырдаалга байланыштуу окуучулар 1-чейректи онлайн режимде аяктайт", - деди ал.