Кыргызстанда дагы 133 медицина кызматкерине кенемте төлөнүп берилет. Алардын ичинен 130 дарыгер коронавирус менен ооруп калса, үчөө каза болгон.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, министрликке кенемте төлөө боюнча жалпы 1 миң 901 документ келип түштү. Учурда 171 медицина кызматкерине компенсация төлөнүп берилди. Алардын 147си 200 миң сом өлчөмүндө каражат алса, 24 медкызматкер каза болуп калганына байланыштуу жакындарына 1 млн сом төлөндү.