Жаңылыктар
Эл аралык террористтик уюмдун эки мүчөсү кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык террористтик уюмдун эки мүчөсү кармалды

Эл аралык террористтик уюмдун эки мүчөсү кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиргендей эл аралык террористтик уюмдардын жашыруун структураларын жана аларды каржылоо каналдарын аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ички иштер министрлиги менен биргеликте Жалал-Абад шаарынан эки киши кармалды. 

Маалым болгондой, кармалгандар ишкерге кол салып, 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкен. Аларды кармаган учурда уурдалган акча каражаттар, жасалма чет элдик валюталар, ток менен урдуруучу аппарат, бычак далил зат катары табылып алынды. 

Кармалгандар Сириянын аймагындагы мыйзамсыз куралдуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышып жана эл аралык террористик уюмдардын башчыларынын көрсөтмөсү менен аларга каржылык колдоо көрсөтүү үчүн тоноолорду уюштуруу максатында өлкө аймагына келишкени аныкталган. Сотко чейинки өнүрүштүк материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.Кармалгандар Жалал-Абад шаардык милициясынын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.