Жаңылыктар
УКМК: Райымбек Матраимов кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Райымбек Матраимов кармалды

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов бүгүн, 20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, Райымбек Матраимов коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды. УКМК 19-октябрда бажы органдарындагы коррупция фактыларына катыштыгы бар адамдар аныкталганын кабарлаган. Мекеменин маалымат кызматы тергөө органдары тарабынан Райымбек Матраимовдун жакындары жана коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталганын билдирген.

Учурда УКМК тарабынан бажыдагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.