Жогорку сот Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жана Талант Мамытовдун ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра жаңыртуу жөнүндөгү өтүнүчтү канааттандырды.
Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, андан тышкары, Башкы прокуратуранын корутундусу канааттандырылды. Жогорку соттун 2013-жылдагы токтому жана жеке аныктамасы жокко чыгарылып, жазык иши кассациялык тартипте кароого жөнөтүлдү.
«Андан тышкары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, Бекзатбек Исаев, Каныбек Камчыбеков жана Саирбек Кадырбаев жөнүндөгү Жогорку соттун 16-октябрдагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 17-июнундагы чечими күчүндө калтырылды», - деп айтылат маалыматта.