Жогорку сот Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду актаган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Мырзакматовдун иши Жогорку сотто 19-октябрда каралды. Анда Ош шаардык жана Ош облустук сотторунун өкүмдөрү күчүндө калтырылды. Шаардык сот Мырзыкматовго карата козголгон иште кылмыш курамы жок деген негизде аны 15-октябрда актаган, облустук сот бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.
Эскерте кетсек, 2014-жылдан бери качып жүргөн Мырзакматов быйыл 7-октябрда Түркиядан Ош шаарына кайтып келген. Ага Кылмыш кодексинин "кызмат абалынан кыянат тык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөө коюлуп, 2015-жылы жети жылга сыртынан кесилген. Муну Мырзакматов өзү саясий куугунтук деп атаган.