Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 19-октябрь күнү Иштамберди тилкесинде жайгашкан ЖЧК “Фулл Голд Майнинг Компани” алтын-кен ишканасынын имаратынан чыккан өрт 20-октябрь күнү түнкү саат 01:35те толук өчүрүлдү. Учурда жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 2 өрт өчүрүү бөлүмү, алтын-кен ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жана 1 самосвал тартылган. Өрт саат 12:29да чектөөгө алынып, 20-октябрь күнү түнкү саат 01:35те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен имараттын 2000 чарчы метр аянты күйгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымы такталууда.