Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-октябрь күнү саат 16:17де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма айылдарында 2 балл, Кызыл-Эшме, Кара-Шыбак, Жар-Башы айылдарында 3 балл, Кашка-Суу айылында 4 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.