Жаңылыктар
Донор уюмдардан алган акча текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Донор уюмдардан алган акча текшерилет

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн эл аралык каржы институттарынан келген каражаттарга ревизия жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өз кайрылуусунда билдирди. Кыргызстан бул багытка жалпы 750 млн доллардан ашык жардам алары пландалган. Жыл башынан бери каражаттын дээрлик жарымы келди.

Ковид-19 илдети Кыргызстандын экономикасына эбегейсиз сокку урду. Экономисттер жазында киргизилген 2 айлык карантин бюджетке дээрлик 30 млрд сом зыян алып келээрин эсептеп чыгышкан. Андыктан жугуштуу оору менен күрөштө өлкө четтен жардам алууга мажбур болду. Эл аралык каржы институттарынан жалпы 774,4 млн жардам келээри пландалган. Азыркы учурга карата анын 343 млн доллары же жалпы сумманын 44 пайызы алынды. 

Келген каражаттардын 274 млн доллары жеңилдетилген насыя, ал эми 74 млн доллар грант болуп эсептелет. Каражатты Эл аралык валюта фонду, Азия Өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк сыяктуу каржы уюмдары бөлдү.