Садыр Жапаров жаңы реформалар тууралуу программасын жарыялап жатып, кыскартууларды өзүнүн аппаратынан жана иш башкармалыгынан баштай тургандыгын белгиледи. Башкы максат өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү менен бирге, бюджетти сарамжалдуу пайдалануу.
Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштырып, штаттык бирдиктерди азайтуу маселеси улам бийлик жаңыланган сайын айтылып келет. Бирок андан оң натыйжа болбогондугун серепчилер мисал келтиришет. Азыркыга чейин, кызматкерлердин кыскартуу менен гана чектелип, бирин-бири кайталаган бийлик түзүмдөрүнүн сап башында инвестиция тартуу боюнча алектенген түзүмдөр турат.