Жаңылыктар
Раим Матраимов жана коррупцияга аралашкандар жазасын алууга тийиш - Жапаров
Кыргызстан жаңылыктары
Раим Матраимов жана коррупцияга аралашкандар жазасын алууга тийиш - Жапаров

700 млн долларды Кыргызстандан чыгарып кетти деп массалык маалымат каражаттарында ысымы аталган Матраимовдор жана башка татаал схемадагы көз боёмочулук иштерди жасап, элдин ырыскысына кол салган бардык тармактардагы ууру жетекчилер катаал жаза менен жоопко тартылат. Бул тууралуу Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров жалпы элге жасаган кайрылуусунда билдирди.

Кыргыз бажысынан кымырылган миллиондор акыркы эки жылдан бери калың элдин талкуусунда. Анын башында турат делген Матраимовдордун мүлкү текшерилип жатат деп бир нече ирет айтылганы менен эки жылга жакын убакыттан бери натыйжа жок. Эми бул ишке чекит коюлуп, мыйзам алкагында текшерүүлөр боло турганын узаган аптада УКМКга жаңы дайындалган жетекчи Камчыбек Ташиев билдирген. 

Ал арада тергөө органдары тарабынан Матраимовдун жакын айланасына кирген жана жогоруда айтылган коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталганын УКМК маалымдады. Анда мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жана башка кызматтык адамдар тарабынан түзүлгөн коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылат.