Нурлан Мамытов Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жаңы жетекчиси Нурлан Мамытовду фонддун кызматкерлери менен Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков тааныштырды. Ал Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду эл аралык уюм катары өлкөнүн экономикасында маанилүү ролду ойной тургандыгына өзгөчө токтолду.
Мамлекет үчүн маанилүү болгон экономикалык долбоорлорду колдоону улантуу багытында Мамытовдун алдында чоң милдет жүктөлүп жатканын баса белгиледи. Эскерте кетсек, буга чейин аталган фондду Азиз Аалиев жетектеп келген.