Тышкы карызды төлөө үчүн атайын эсеп ачылат. Бул тууралуу "Жоокерлердин энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, Кытайга болгон карыздан кутулуу үчүн элден жапырт акча чогултуу демилгеси көтөрүлүп, "Элдик Кеңеш" деген көзөмөл тобу түзүлдү. Чогулган каражатты топтоо үчүн "РСК Банк" жана "Айыл Банкта" атайын эсеп ачылууда. Демилгечилердин бири "Аялдар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева көптөгөн жарандардын кайрылууларынан кийин тышкы карызды төлөө үчүн каражаттарды топтоо үчүн атайын өнөктүк демилгеленгенин билдирди. Белгилей кетсек, 2020-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 824,01 млн долларды түзгөн. Анын ичинен 4 млрд 169,6 млн доллары тышкы карыз болуп саналат.
"Акча каражаттардын мамлекеттин казынасына толук жана туура түшүшү эң негизги шарт болуп саналат. Атайын эсепке түшкөн акчанын дарекке жетишин камсыз кылуу максатында өлкөбүздүн жети дубанынан дайындалган "Келечек үчүн" аттуу жалпы улуттук каражаттарды топтоо компаниясынын ичинде "Элдик кеңеш" көзөмөлдөө тобу түзүлөт. Каалоочулар Kg_ayaldary@mail.ru электрондук почтасы аркылуу кирип, "Элдик Кеңешке" мүчө боло алат",- деди "Жоокерлердин энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова.