Жаңылыктар
Бишкекте 1-6-класстын окуучулары биринчи чейректи аягына чейин онлайн режимде окушат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 1-6-класстын окуучулары биринчи чейректи аягына чейин онлайн режимде окушат

Опурталдуу абалга байланыштуу Бишкекте 1-6-класстын окуучулары биринчи чейректеги окуусун аягына чейин онлайн режимде улантмак болушту. 

Буга чейин Билим берүү министрлиги тарабынан аталган класстарга мектепке барып салтуу окууга уруксат берилип, бирок өлкөдөгү ковид инфекциясы күчөп жаткан абалды эске алуу менен үйдө эле аралыктан окууну улантуу чечими кабыл алды. Эми мектеп босогосун аттаган жеткинчиктерден тарта 11-класска чейинки окуучулар окуусун онлайн режимде улантышат. 

Мындай сунушту Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан берген. Маалыматка ылайык, Бишкекте сентябрь айында жетиден 16 жашка чейинкилер арасында 439 бала курч респиратордук вирустук инфекция жуктуруп алса, октябрь айынын алгачкы эки аптасында 425 бала ооруп калган. Балдар арасында коронавирус жуктурган 33 учур дагы катталган. 

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун сунуштамасына ылайык, курч респиратордук вирустук инфекция жуктурган окуучулардын саны 20%дан ашса, окуу процессин токтотуу керек болот.