Жаңылыктар
Быйыл тогуз айда айдоочунун күбөлүгүн алгандардын саны өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл тогуз айда айдоочунун күбөлүгүн алгандардын саны өстү

Быйыл тогуз айда Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жарандарга 136 миң 997 айдоочулук күбөлүк берилди. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 93 миң 648 айдоочулук күбөлүк берилген. 

Каттоо кызматы билдиргендей, унаа ээлери өткөн жылы 373 миң 708 мамлекеттик номер алышса, быйыл 280 миң 766 мамлекеттик номер алышты. Былтыр тогуз айда унаа каражаттарын каттоо тууралуу күбөлүктү 170 миң 537 жаран алса, эл аралык айдоочулук күбөлүк 784 жаранга берилген.