Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жарасул Абдураимов дайындалды. Дубандын жаңы жетекчисин жамаатка вице-премьер-министр Равшан Сабиров тааныштырды.
Жарасул Абдураимов, 1960-жылы 23-февралда Алай районунун Гүлчө айылында туулган, кесиби боюнча экономист. Буга чейин Азия Өнүктүрүү Банкында иштеп келгени айтылды. Сабиров, жаңы жетекчинин тажрыйбасы мол экенин, элет элинин жашоосун жакшыртууга болгон күчүн жумшай турганын билдирди. Ошондой эле, буга чейин курулушу башталып, учурда жүрүп жаткан таза суу, ирригация сыяктуу калк муктаждыгындагы долбоорлордун иши үзгүлтүксүз уланып, зарыл болсо дагы күчтөндүрүлөт деп билдирди. Облусту буга чейин, Байыш Юсупов жетектеп келген.
"Бул долбоорлордун баарын аягына чыгарабыз, мындан сырткары, көптөгөн эл аралык донорлор бар, бул сыяктуу долбоорлорду өкмөттө карап атабыз, жаңы долбоорлорду кабыл алабыз, мектеп, бала бакчаларга да өзгөчө көңүл бурулат",- деди вице-премьер-министр Равшан Сабиров.