Бүгүн, 19-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында алтын-кен ишканасына таандык имараттан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда өрттү өчүрүүгө өрт-куткаруу бөлүмдөрү тартылууда. Өрттү өчүрүүгө саат 10:22де Чаткал райондук №79 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 1 бөлүм, кошумча саат 10:35те Ала-Бука райондук №73 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилээрин ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.