Жаңылыктар
Нарындагы базарда курулуп жаткан соода имаратына мониторинг жүргүзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындагы базарда курулуп жаткан соода имаратына мониторинг жүргүзүлдү

Мамэкотехинспекциянын Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан  Нарын шаарынын Борбордук базарында курулуп жаткан соода имараттарына карата мониторинг жүргүзүлүп, курулуш ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мамэкотехинспекциянын Нарын шаары,  Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык  башкармалыгы билдирет.

Мындан сырткары долбоорго ылайык колдонулуп жаткан курулуш материалдарынын сапаты, курулуш норма жана эрежелеринин сакталышы каралып, курулуш объектилеринде техникалык коопсуздук эрежелерин, өрт коопсуздугун жана энергетика коопсуздугун сактоо менен иш алып баруу боюнча иштеп жаткан кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда Нарын шаарынын борбордук базарынан орун алган «Эки-Нарын» соода борборунун курулуш объектиси эксплуатацияга кабыл алуу комиссиясынан өтпөстөн өз алдынча пайдаланып жаткандыгы аныкталып, акт түзүлүп, бузууларды четтетүү үчүн убакыт берилген. Соода борборунун ээси А.А. аттуу жаранга Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинин 94-беренесинин 5-бөлүмү менен 4-категорияда айып пул салынып, бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган.

Өзүнүн жер аянтына курууга уруксат долбоордук иш документациясы жок, өз алдынча соода борборунун курулуш иштерин куруп баштаган  Ж.Т. аттуу жаран менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акт түзүлүп, бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуу берилип, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинин 94-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык 4-категориядагы айып пул салынды, бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган.

Мындан ары, аталган бузуу фактылары боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын жана Тогуз-Торо райондору боюнча региондор аралык башкармалыгы тарабынан  иш-чаралар жүргүзүлөт.