«ФМ Ложистик» компаниясынын аймагындагы темир өтмөктүн кулашынан жабыркагандардын көпчүлүгү ооруканадан чыгарылды.
Абалы оор төрт бейтап ооруканада жатат. Бүгүнкү күндө эмгек мигранты катары иштеп жүрүп кырсыктаган мекендештерге моралдык жана материалдык чыгымдарды кайтарып берүү боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.