Жалал-Абад шаарындагы тойканаларга күндүзгү рейд жүрүп, 10го жакын кафе-ресторандар текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейдге калаадагы тийиштүү тармактардын кызматкерлери катышкан. Жыйынтыгында эки жайда той өтүп жатканы аныкталып, буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай мыйзамга баш ийбегендиги үчүн электр жарыгы өчүрүлдү. Бул багыттагы рейддик текшерүү иштери дагы улантылат.