Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +6, күндүз +24 градуска чейин көтөрүлөт.
Чүй аймагында түнкүсүн +3, күндүз +24 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад,Баткен аймактарында түнкүсүн +5, күндүз +25 градуска чейин жылуу болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -4, күндүз +18 градус.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1, күндүз +19градус болоору күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с.
Талас облусунда түнкүсүн -1, күндүз +22 градус.