Милициянын кайгуул кызматы үчүн "Эл планшет" электрондук тутумун иштеп чыкты. "Инфоком" мамлекеттик ишканасынан билдиргендей система патрулдук милиция кызматкерлеринин планшеттерине киргизилген. Аны менен инспектор транспорттун катталганы боюнча маалыматты, айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын, издөөдө жүргөн унаалар жана административдик айыптардын төлөнбөгөндүгү тууралуу маалыматты онлайн-режимде текшере алат.