Бишкектин Ленин районунун аймагында биринчи шаардык ички иштер бөлүмүнүн ачылышы болду. Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жаңы милиция бөлүмү Москва менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Ленин РИИБдин жаңыланган биринчи ички иштер бөлүмү ИИМ, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин демилгеси менен ачылды. Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү жана жарандарды кабыл алуу үчүн бардык шарттар түзүлүп, керектүү эмеректер, техникалар орнотулду. Бул жаңы бөлүмдө жалпы 82 милиция иштейт.