Жаңылыктар
Коронавирус дагы 554 кишиден аныкталып, 3 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
 Коронавирус дагы 554 кишиден аныкталып, 3 адам каза болду

Акыркы суткада коронавирустан үч адам каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, жугуштуу тумоодон каза болгондор Ош, Нарын облустарынын жана Бишкектин жашоочулары. 18-октябрга карата өлкөдө 554 адамдан коронавирус аныкталды. Бишкекте – 88, Ош шаары боюнча– 38, Чүй облусу – 46, Ош облусу – 105, Талас облусу – 12, Нарын облусу – 6, Ысык-Көл облусу – 26, Жалал-Абад облусу – 143, Баткен облусунан – 90 адам жуктуруп алган. Ушуну менен коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 52 миң 44гө жетти. Ал эми бир күндө 227 адам ооруну жеңип чыкты. Учурда Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 45 миң 736 адамга жетти.