Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилөөнү сунуштады. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, парламенттик шайлоону кайрадан уюштуруу жана өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жыйын өткөрдү.
Жыйында мыйзам чыгаруу деңгээлинде кайрадан шайлоо дайындалганга чейин парламентте жарандардын кызыкчылыгын коргогон саясий күчтөрдүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүүнү маанилүүгү белгиленди.
Буга байланыштуу борбордук комиссиясы Жогорку Кеңешке кыска мөөнөттө бир катар маселени карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган. Алар шайлоо босогосун төмөндөтүү, шайлоо дарегин алмаштыруу тартибин кароо, бир аймактын ичинде шайлоо дарегин өзгөртүүгө тыюу салууга, ошондой эле добуш берүү күнүнө 30 күн калганда арыздарды кабыл алууну аяктоо.
Ошондой эле отурумдун алкагында шайлоо дайындалгандан кийин эки айдын ичинде өткөрүлүшү керектиги айтылып, шайлоону 20-декабрга белгилөөнү сунушталды.