Жаңылыктар
Аз камсыз үй-бүлөлөр балдарына документти бекер ала баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Аз камсыз үй-бүлөлөр балдарына документти бекер ала баштайт

Мамлекеттик каттоо кызматы турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга документтерди акысыз берет. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ушул жылдын тогуз айында балдарды коргоо боюнча мамлекеттик органдардын талабы менен аймактык каттоо бөлүмдөрү 383 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк беришкен. 

Ошондой эле бир жолку төлөөнүүчү "балага сүйүнчү" алууга 108 миң 464 электрондук кайрылуу катталган.